Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аял 20 жылга эркинен ажыратылды
Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аял 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына Кочкор райондук сотунун төрагасы Мелбек Султаналиев билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү өкүм 2016-жылдын 28-декабрында чыгарылган. Ага ылайык, Айнура Курманалиева Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген.
Айта кетсек, 2016-жылдын 16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы кыздардын апасы кармалган. Иликтөөдө шектүү кыздарын пакет менен тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган.


Оз жанынан жаралган балдарын олтургон адам туну тынч уктай алат дейсинерби.Анын жашоо турмосуз деле тозоко айланды озуну озу жеп бутурот бул аял. Абийир азабы жаман.