super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: 4 жыл мурун Бишкекте Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши башталган

 

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 10-январда Бишкекте ошол кездеги депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши башталган.

"Ата Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 2012-жылы 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында "Кумтөр" алтын кени боюнча митинг уюштуруп, жолугушуу аяктагандан кийин К.Ташиев чогулгандарды бийликти басып алууга үндөп, жан жөкөрлөрү менен Ак үйдүн тосмосун ашып кирген. Мындан улам үчөө "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган" деген айып менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган.

2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сот аталган депутаттарга карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

10-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: