super.kg logo
  Саясат  

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы алмашты

 

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп Замирбек Осмонов (сүрөттө) дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 10-январда өкмөттөн билдиришти. Замирбек Осмонов буга чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп буга чейин Айбек Кадыралиев иштеп келген. Өкмөт башчынын башка буйругу менен Кадыралиев бүгүн Финансылык чалгындоо кызматынын башчылыгына дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: