Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна иш сапары менен барат
Эртең, 26-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна иш сапары менен барат. Анын алкагында, “Баткен-2013” аттуу Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча 1-Эл аралык форумуна катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Форумдун иши аяктаган соң өкмөт башчысы чек ара боюндагы айылдарды кыдырат жана Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян унаа жолунун, Чарбак айылындагы ФАПтын, суу түтүгүнүн, чек ара постунун жана Сох анклавын тегерете инженердик тосуулардын курулуштарынын аткарылышын жана кандай деңгээлде жүрүп жатканын текшерет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

