super.kg logo
  Саясат  

9-Май Кыргызстанда жалпы элдик майрам катары белгиленет

 

Бүгүн, 25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана  өткөрүү  жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Жеңиш күнү өлкөдө бүткүл элдик майрам катары белгиленет. Ошондой эле жарлыкта өкмөт Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын 2015-жылы майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүсү, 70 жылдык мааракени өткөрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуусу, согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу чараларын кабыл алуусу жана башка ушул жарлыктан келип чыккан бардык маселелерди чечүүсү керектиги белгиленген. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын жетекчисине жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: