super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар СПИДдин өсүшүнө мигранттарды күнөөлөө боюнча министрден кечирим суроону талап кылышууда

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз жеринде ВИЧ, СПИДдин өсүшүнө мигранттарды күнөөлөгөн кызматкери үчүн саламаттык сактоо министринин кечирим сурашын талап кылышууда. Парламенттин 11-январдагы жыйынында министрдин орун басары мигранттар өлкөдө ВИЧ, СПИДдин көбөйүшүнө себеп болуп жатканын айткан эле. Депутат Өмүрбек Текебаев мигранттар Кыргыз Республикасынын экономикасына ири салым кошуп, элди багып жатканын айтып, аларды ВИЧ, СПИДдин көбөйүшүнө күнөөлөө туура эмес экенин билдирди. Маалыматка таянсак, 2016-жылы 46 мекендешибиз ВИЧ жуктурганы аныкталган. Өлкөдө жүздөгөн жаран бул илдеттен жабыркап турганын, андыктан 46 мигрантты мисал кылуу менен бүт мигранттарды күнөөлөөгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи Текебаев.

Башка депутаттар да мыйзам долбоору боюнча баяндамачынын даярданбай келгенин сынга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: