super.kg logo

Шаар тургундары Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш иштерине каршы чыгышты

 

Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына "Шаардык демилгелер" коомдук фондунун мүчөлөрү жана шаар тургундары калаадагы эс алуу бактарындагы дарактарды кыйып, курулуштарды жүргүзүп жаткандарга каршылык билдирип чыгышты. Бул тынчтык митингине 20га жакын адам чогулган.

"Жакында Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайда 50дөй даракты "Жашылдандыруу" ишканасы кыйып кетти. Ал жак балдар ойноочу жай болчу. Биз буга каршыбыз. Ошондой эле мындай кадамдарды токтотууну мэриядан талап кылабыз", - деп билдирди "Шаардык демилгелер" коомдук фондунун мүчөсү Атай Самыйбек.

Митингчилер 1 саатка жакын убакыттан бери плакаттарды көтөрүп, талаптарын айтып турушат. Азырынча мэриянын тийиштүү адамдары нааразы болгон эл менен жолуга элек.

"Балдар ойноочу жайды жана спорт аянтын бузганы жатышат. Биз аларды 2015-жылы сырдап, оңдоп чыкканбыз. Спорт аянтын бузууга жана дарактарды кыйганга каршыбыз", - дейт шаар тургуну Айканыш Дербишова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.01.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+
11.01.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи бак-даракты кыркуу туура эмес, шаардын корку жана экологияга пайдасы ото чон, наоборот бактарды отургузуп кобойтуш керек. Тиги жогору жактагылар болсо жердин баарын сатып бутмой болушту Ата-турк паркын эле карагылачы четинен жеке менчик жактарга отуп хан сарайлар курулуп атат, мамлекет учун иштебеген ушундай жеп ичкичтер бийликте отурганы абдан окунучтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: