Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды
Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн К.У. аттуу кызматкери жергиликтүү тургундан маселесин оң жакка чечип берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
"Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 10 миң сом акча алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Ага карата 313-берене (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Tunerbei1812

11.01.2017. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармоо, камоо сыяктуу коррупциянын кесепети менен эле курошпостон анын алдын алуу, богот коюу иштерин да кошо жургузуу керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.