super.kg logo

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун 15 килограмм маңзат менен кармалды

 

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун 15 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине Каракол-Совхоз айылынын тургуну өзүнүн үйүндө ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу оперативдүү маалымат келип түшкөн.

"Бул маалымат боюнча текшерүү жүргүзгөндө, үй ээси 53 жаштагы К.Абдылда аттуу жаран экени аныкталган. Жашаган жеринен 15 килограмм өлчөмүндө марихуана табылган. Кармалган адам өзүнүн түшүнүгүндө баңгизатын жайында эле даярдаганын жана колдонуу максатында сактап жүргөндүгү боюнча көрсөтмө берген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектелген адамдын берген маалыматы текшерилип жатат. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: