super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жоомарт Сапарбаев: "APR авиакомпаниясы Азиз Батукаевди “Манас” аэропортундагы VIP-залда тейлөө үчүн 20 миң сом төлөгөн"

 
"APR авиакомпаниясы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди “Манас” аэропортундагы VIP-залда тейлөө үчүн 20 миң сом төлөгөн". Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу жана Кыргызстандан сыртка чыгып кетүүсү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, мындай маалыматты комиссияга “Кыргызаэронавигация” ишканасы берген. “Учакка Батукаев аталган зал аркылуу барып, анан түшкөн”,- деди депутат. Эске сала кетсек, оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Грозный шаарына учуп кеткен. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: