super.kg logo
  Саясат  

Алтын жалатылган депутаттык төш белгилер боюнча тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылды

 

Жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 11-январда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Тендерге катышкан компаниялар жыйынтыкка макул эместигин билдирип, нааразычылык күчөгөндө БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгон. Эми кайрадан тендер өтөрү күтүлүүдө. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар төш белгилерди алдын ала даярдатууга мүмкүн экенин айтышып, жөнөкөй ишти аягына чыгара албаган өкмөттү сындашты.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясы 6,3 миллион сомго жергиликтүү кеңештин депутаттарына алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Декабрда БШК тендердин жыйынтыгын чыгарып, жаңы 9000 депутаттын төш белгиси жана күбөлүгү үчүн 4,7 миллион сом жумшаларын билдирген эле. Катышуучулардын арасында 9 миң төш белгини 675 миң сомго жасап берүүнү сунуштагандары да болгон, бирок БШК негедир кымбатын тандаган.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: