super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Орто-Сайдын" соодагерлери митинг уюштурушту

 

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын соодагерлери базардын аймагында нааразычылык акция уюштурушту. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кийинки митингди жума күнү өткөрүү пландалууда. Маалым болгондой, базардын жетекчилиги 29-декабрда 20 тонналык контейнердин ижарасы 5200 сомдон 7500 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген. Соодагерлердин көбү нааразы болуп, кымбаттаган баа менен төлөөдөн баш тартышкан. Бүгүн, 11-январда базардын жетекчилиги ижарасы төлөнбөгөн контейнерлерди пайдаланууга тыюу салышты. Соодагерлердин митингге чыкканына байланыштуу жетекчилик ижара маселесин жума күнүнө чейин кайра карап чыгууну убадалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.01.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн кызыктуусу соодага карабай эле баалардын осушу, оскондо да 200-300 сомго эмес 10 эселеп.Орто сай базары чектелуу кардарлар учун эле ошого карабастан элдер да ижарага ала беришет. Узулбогон умут болсо керек.
11.01.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин жонунан кайыш тилген заман келди го.
11.01.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазга чейин жон эле отурушса болмок кымбаттатпай. Ансыз деле суукта отурушат, соодалары болсо кризис..
11.01.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минусту Орто-Сайдын администрациясы басып атат окшойт
11.01.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа минусту базардын администрациясы басып жататго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: