Кадамжайда бийиктиги 30 метр болгон аскадан боюн таштаган окуучу кыздын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө
Кадамжайда бийиктиги 30 метр болгон аскадан боюн таштаган окуучу кыздын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-январь күнү саат 18:00 чамасында Орозбеков айыл аймагында болгон. Анда 9-класста окуган Адина бийиктиги 30 метрди түзгөн аскадан боюн таштап каза болгон.
"Окуучу кыз чоң атасы менен бирге жашачу, ата-энеси Орусияда болгон. Учурда туугандары, классташтары суракка алынышты. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат ИИмдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Прям жигитинин алдында өзүнү таштаптыр.жигит караап туруптур