Нарында 9-класстын окуучусу асынып алды
Нарында 9-класстын окуучусу асынып алды. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, 9-январь күнү Нарын ШИИБинин кызматкерлерине шаардагы мектептердин биринин директору кайрылган. Анда 2000-жылы туулган Азимдин өз үйүндөгү гаражга асынып алганы айтылган.
"Баланын денесинде эч кандай жаракаттар байкалган эмес. Ал калтырып кеткен катта чоң ата, чоң энеси жана жакын туугандарынан кечирим сураган. Атасы 2004-жылы каза болуп калган. Андан соң апасы аны чоң энесине таштап кеткен боюнча кайрылып келген эмес", - деп билдиришти ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Менин оюумча мындайлар мурдада болуп келген, болгону ал убакта мындай жарыя болчу эмес менин оюмча