ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: 51 жыл мурун Бразилияда жер көчкү жана суу каптоо жүрүп, 340тан ашуун адам көз жумган
Бразилияда мындан 51 жыл мурун, 1966-жылы 11-январда катуу жаап баштаган жаан 13-январга чейин уланып, анын кесепетинен жер көчкү, суу каптоо болгон. Жыйынтыгында 340тан ашуун киши көз жумган. Курман болгондордон тышкары Санта-Тереза, Копа-Кабана жана Ипанема райондорундагы жүздөгөн адамдар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошондой эле тоо этегинде жашаган адамдардын үйлөрү толугу менен көчкүнүн алдында калган. Өлкө бийлиги тоо этектерин тосмолор менен жабуу жана жер көчкүдөн сактануу боюнча эч кандай чара көрбөгөндүктөн, адам өмүрүн алган мындай кырсык кийин дагы 2 ирет кайталанган.
11-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.