super.kg logo

Бишкектин тротуарларын оңдоого 50 миллион сом бөлүнөт. Ал эми жолдордо кышкы технология боюнча чуңкурларды оңдоо башталды

 

Москва, Киев, Фрунзе көчөлөрүнүн, Чүй, Жибек-Жолу проспектилеринин, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Панфилов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульвары, Тоголок Молдо, Орозбеков көчөлөрүнүн жээктеринде жайгашкан тротуарлар оңдолот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда кабарлады.

"Учурда оңдоо иштери аба ырайынын суукташына байланыштуу токтоп турат. Жаздын башталышы менен оңдоо иштери улантылып, май айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом коротулат", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаада кышкы технология боюнча чуңкурларды оңдоо иштери башталды.

Ишкана аба ырайынын жылышын күтпөстөн, оңдоону абдан талап кылган жолдордогу чуңкурларды оңдоп баштады. Оңдоо иштери Манас, Жибек-Жолу, Чүй проспектилеринде, Абдрахманов жана Көлбаев көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Учурда Алматы көчөсүндөгү авариялык чуңкурлар оңдолуп жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп тепсеп эмки жазга араң жете турган кылып жасап койгула, ашкан акчаны чөнтөккө салгыла!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: