super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Митингдердин заманы бүттү"

 

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кечээ Бишкек мэрин шайлоодо уюштурулган митинг боюнча нааразычылыгын билдирди.

"Ыйман, адеп жана маданият жылын мэр митинг менен баштады. Бул артка кадам, эскичилик менен жашайбыз деген кадам. Митинг аркылуу депутаттарга кысым жасалбаш керек. Келечекте шаар башчыларын эл шайлагандай кылыш керек. Эгер мындай кылбасак, Бишкек эртең айылга, кыштакка айланат. Көчөлөрдө унаа тыгындары көбөйүп баратат", - деди Төрөбаев.

"Митинг качан өткөрүлүшү керек? Эгер саясий күрөштө оппозицияда ресурстар жетишпей жатса, митингдерди өткөрөт. Бирок кечээ, тескерисинче, бийлик оппозицияга каршы митинг уюштурду. Тарыхта мындай болгон эмес. Эми башка шайлоолорго үлгү көрсөтүлдү. Демек, мэрди шайлоодо митинг өткөрүп басым көрсөтсө болот экен. Бүттү митингдердин заманы", - деген оюн айтты фракция лидери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: