super.kg logo

Кадамжай районунун Марказ айылында "Тез жардам" кызматы түнкүсүн гана иштейт

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кадамжай районунун Марказ айылындагы "Тез жардам" кызматына кошумча жумуш орундарын түзбөй жатканын бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Таалайбек Маканов билдирди.

"Марказ айылында "Тез жардам" кызматында 6 адам эки топко бөлүнүп иштейт. Ар бир топто 1 айдоочу, 1 дарыгер, 1 диспетчер эмгектенет. Алар түнкү нөөмөттө гана турушат, кечки 18:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин. Ошондо да алар мамлекетке 2 саат ашыкча иштеп берип жатышат. Ал эми күндүзгү чакырууларга үй-бүлөлүк дарыгерлер барышат. Министрликке бир нече жолу кошумча адистерди жумушка алуу боюнча кат аркылуу кайрылганбыз, бирок маселебизди чечип берген жок", - деп билдирди Маканов.

Таалайбек Макановдун маалыматына ылайык, Марказ айылындагы "Тез жардам" кызматы кошумча дагы Көк-Талаа, Иса-Майрам, Арпа-Сай, Сары-Алтын айылдарындагы 20 миңге жакын калкты тейлейт. Учурда аталган айылда 20 миңге жакын калкты тейлеген жалгыз "Тез жардам" унаасы бар.

"Тез жардамда" иштегендерге атайын уюлдук телефон алып бергенбиз. Алардын телефону өчпөйт. Марказ айылындагы "Тез жардам" кызматы 11-январдан 12-январга караган түнү 8 чакыруу болгонун, алардын ичинен 3 адам ооруканага алынып келингенин айтты", - деп кошумчалады Маканов.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" Кадамжай районунун Марказ айылында "Тез жардам" бөлүмү 24 саат бою иштебей жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.01.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер азаматсынар элдик кабар чыгарып элге кыйла жардам болду ким ойлоп тапсада жакшы кылыптыр
12.01.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле да болгону бир топто 3 эле адам иштесе бир вызов болсо алар кетет эч ким калбайт да иш ордунда. кошумча ишчи алуу керек
12.01.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеп ататда акчаны
12.01.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун эки тараптын тен созун угуш керек биринчи. Ызычуу сала бербей
12.01.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кундузу катуу ооруп калса кечки алтыны кутуш керек экенда
12.01.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасыйт болуп жогоржактагылардын эле шалаакылыгы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: