super.kg logo
  Саясат  

Коомдук-саясий ишмер Курман-Гали Каракеев жарык дүйнө менен кош айтышты

 
Кечээ 100 жаш курагында көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Орусия Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Курман-Гали Каракеев бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Курман-Гали Каракеев 1913-жылы 7-ноябрда Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. К.Каракеев кыргыз илиминин жетишкендиктерин союздук жана чет өлкөлүк форумдарда маңыздуу докладдары менен чыгып тааныштырып турган. СССР Бүткүл Союздук аттестациялык комиссиясынын, СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин, СССР Тарыхчылар улуттук комитетинин, Советтик-индиялык достук коомунун вице-президенти, Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин төрагасы жана республиканын Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Окумуштуунун талыкпаган илимий жана коомдук иштери мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир нече жогорку өкмөттүк сыйлыктарга татыган. Ал I жана  II даражадагы “Манас”, "Ленин", төрт жолу "Эмгек Кызыл Туу", "Ардак Белгиси", "Октябрь Революциясы" ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.        





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: