super.kg logo

Барак Обаманын социалдык тармактагы баракчасындагы коштошуу билдирүүсү эң көп "лайк" топтоду

 

АКШнын президенти Барак Обама кечээ, 11-январда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элине кайрылып, ыраазычылыгын билдирген. Анда ал: "Баарыңарга рахмат. Менин акыркы суранычым алгачкыдай эле. Силерден суранарым, мен өзгөрүүлөрдү киргизе аларыма эмес, силер киргизе аларыңарга ишенгиле", - деп жазган. Бул билдирүүнү учурда 726 604 колдонуучу бөлүшүп, 1 миллион 502 760 "жакты" белгиси басылган.

Обаманын башка билдирүүлөрүндө мындай көрсөткүчтөр болгон эмес. Учурда бул аккаунтка 13 миллиондой колдонуучу жазылган. Инаугурация күнүндө аккаунт жаңы өлкө башчы Дональд Трампка өткөрүлөрү маалым болду.

Ал эми эл менен жолугуп, коштошуу иш-чарасы кечээ, 11-январда Чикагодо болуп өткөн. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, ал сөзүн тынчтанбай, "дагы 4 жылга кал" деген кыйкырыктардан улам баштай албай, акыры график бар экенин эскертип элди тынчтандырган. Анын сөзү 1 сааттай уланып, президенттердин коштошуу сөздөрүнүн эң узагы болуп калганы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.01.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы бар
12.01.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай кен пейил эл болгон учун кал дегенине карабай график бар экенин билип кетип аткан эл болгон учун бай кооз келечеги бар олко.Биздикилерге окшоп жемкорлордон эмес.
12.01.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин президентерди кет десенда кетпейтго чиркин!эл иштепбер деп жатса эмне кылайын деп!
13.01.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында америкалыктар каалабай жатышат Обаманын кетишин. Закон бирок иштейт .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: