super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: 41 жыл мурун "детектив ханышасы" атка конгон белгилүү англиялык жазуучу Агата Кристи көз жумган

 

Мындан 41 жыл мурун, 1976-жылы 12-январда детективдик чыгармалардын жаратуучусу, англиялык жазуучу Агата Кристи (чын аты-жөнү - Мэри Клариста Миллер) 85 жашында Улуу Британияда көз жумган.

Ал 1890-жылы 15-сентябрда Англиянын Торки шаарында жарык дүйнөгө келген. I Дүйнөлүк согуш учурунда ооруканада мээрман айым болуп иштеп, кийинчерээк дарыканада фармацевт болуп эмгектенген. 1914-жылы турмушка чыгып, адабий чыгармачылык менен алектене баштаган. Анын 1920-жылы жазылган алгачкы романы "Стайлзда болгон табышмактуу окуя" деп аталып, анда жазуучу көптөгөн окурмандарынын сүйүктүү каарманы Эркюль Пуарону ойлоп тапкан.

Жазуучу көп ирет саякатка чыгып, жашоосунда болгон окуяларды чыгармаларында чагылдырган. 1930-жылы 2-ирет турмушка чыгып, жолдошу, археолог Макс Маллоуэндин Жакынкы Чыгыштагы экспедицияларына аны менен чогуу барып турган.

Агата Кристинин 60тан ашык детективдик романы, 19 аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун китептери 4 миллиарддан ашык нускада чыгарылып, 100дөн ашык тилге которулган. Анын мыкты чыгармаларынын арасында "Чыгыш экспресстеги киши өлтүрүү" (1934), "Багдаддагы жолугушуу" (1957), "Макгилликадди айым эмнени көрдү?" (1957), "Түнкү караңгылык" (1968), "Хэллоуин кечеси" (1969) жана "Тагдыр дарбазалары" (1973) бар.

А.Кристи драматург жана психологиялык романдардын автору катары дагы белгилүү. Алсак, анын 26 пьесасы Лондондун театр сахналарында коюлуп, кээ бирлеринин негизинде тасмалар тартылган. 1956-жылы жазуучу Улуу Британия империясынын 2-даражадагы ордени менен сыйланган. Аны окурмандар "детектив ханышасы" деп да атап коюшат.

12-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: