"Талибан" жоочуларынын колундагы америкалык профессор Дональд Трамптан жардам сурады




Кечээ, 11-январда "Талибан" жоочуларынын колуна 5 ай мурун түшкөн австралиялык Жон Уикс менен америкалык профессор Кевин Кингдин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка кайрылган видеосу интернетке тарады.
"Guardian" басылмасынын маалыматы боюнча, аларды Кабулдагы Америка университетинин шаарчасынын жанынан уурдап кетишкен. Видео 1-январда тартылганы маалым болду. Анда Кинг жоочулардын америкалык бийликке коюлган талаптарын айткан. Жоочулар колго түшкөндөрдү "аскерлерине" алмаштырышарын билдиришкен.
"Дональд Трамп, мен сизден өтүнөм, баары сиздин колуңузда. Талибдер менен сүйлөшүүгө чыгууңузду суранам" деген Кинг жоочулардын талабы аткарылбаса, туткундагыларды өлтүрүшөрүн кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
engel

12.01.2017. 13:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kudaai adamdyn omuru chymchyktykyndai ele bolup kalganby...
ABDISHkg87

12.01.2017. 22:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип Мусульмандар менен ойнобош керек! Это вам ещё мало!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.