super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайненем менен анча-мынча пикир келишпестиктер болуп турат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнене менен тил табышуунун жолдору" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Алгач баргандан баштап өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кайненеңизден тамак жасаганды үйрөнүңүз. Жасаган тамагыңыз жолдошуңуздун эсине апасынын тамагын салса, ал ошончолук сизге жакын болот. Ашкананы эле эмес, үйдүн ичиндеги нерселерди да мурда кайненеңиз кандай жайгаштырып жүрсө, азырынча дал ошондой бойдон калтыра туруңуз".

"Кайненеңизди күйөөңүзгө эч убакта жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катачылыгы - кайнене менен келиндин ортосундагы чырды күйөө чечет деген түшүнүктө жашаганы".

"Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз, анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калышы ыктымал. Жолдошуңузга да айта турган нерсесин эл жок жерден айтуусун сураныңыз".

"Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына аялга кандай мамиле кылуу керектигин айта бериши мүмкүн. Бул учурда күйөөңүздү өз жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү билет".

"Ой, анчалык бөпөлөп алсаң да башыңа чыгарып аласың. Мен ойлойм, сыйлоо зарыл, бирок кайнененин да көзүн карай бербеш керек".

"Мүнөзүң кандай болсо, ошону эле көрсөтө аласың да, калгандары жасалмалуулук болуп калат го. Кайненем анткор эмес, ошондуктан экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүндүк окшойт. Анча-мынча пикир келишпестиктер болуп турат, андай нерсе өзүмдүн ата-энем менен деле болуп турчу".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кайненемдей алтын адамды башка келиндин кайненесине такыр окшоштура албайм!Ушунчалык мээримдүү,акылдуу мени өз кызындай көрөт.Жолдошуман да болушуп муну алып бер тигини алып бер деп турат. Үйгө конок келсе да мени ич же деп эле турат! Кудайга миң мертебе шүгүр! Мен да кийин келиндериме ушундай мээримдүү кайнене болгонду апаман үйрөнөм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: