Учурунда алимент төлөбөгөн жарандарга айып пулду 5 эсе көбөйтүү сунушталууда
Парламенттин 25-апрелдеги жыйынында “КРнын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоорду депутат Турсунбай Бакир уулу демилгелеп чыккан. Сунушталган мыйзам долбоордун башкы максаты - алименттерди өз убагында алууга шарт түзүү жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо болуп саналат. Башкача айтканда, ажырашкан үй-бүлөдө күйөөсү балдары үчүн алимент төлөөнү кечиктирсе, ага салынчу айып пулду 5 эсе көбөйүү сунушталып жатат. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

