super.kg logo

Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагында жаңы трансформатор 25 миң сом бөлүнбөгөндүктөн иштебей турат

 

Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагында 1 жылдан бери иштетилбей турган жаңы трансформатор 25 миң сом каражаттын жоктугунан электр энергияга кошулбай турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эстебес Тостоков билдирди.

"Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын Бечел көчөсүнө сатылып алынган трансформатор бир топ убакыттан бери иштебей турат. Аны 2016-жылы электр энергияга туташтыруу үчүн каражат каралган эмес. Жакында аталган айыл аймакта айылдык кеңештин депутаттарынын төрагасы шайланды. Эми айыл өкмөт башчысы шайланат. Андан соң биринчи кварталда жергиликтүү бюджет бекитилсе, каражат бөлүнүп, ишке киргизилет", - деди Тостоков.

Эске салсак, окурман 10-январда "Элдик кабарга" жаңы сатылып алынган трансформатор 1 жылдан бери иштебей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: