2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта айрым мектептер 5 күндүк окууга өтүшөт
2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта айрым мектептер 5 күндүк окуу жумасына өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2016-2017-окуу жылында окуу жумасы 1-11 класста окугандар үчүн 5 күн болмокчу. Ал эми жумасына окууга 30 сааттан ашык убакыт каралган болсо, жумасына 6 күн окушат. Бул токтом өлкөдөгү бардык мектептерге тийиштүү.
"Учурда мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, жумасына 1-5-класста окугандарга 20-30 саат каралат, 6-11-класстагыларга 30-33 саат. Буга ылайык, кошумча билим берүү сааттарын ата-энелердин макулдугу менен окуу жуманын 6-күнүнө которуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Азыркы кездеги Кыргызстанда мугалим болуп иштеген инсандарга таазим кылабыз, аларга караганда кочодо отуруп семичке саткандар кобуроок табышат жоопкерчилиги да жок.