Бишкектин көчөлөрүнө бүгүн, 26-апрелде 180 түп көчөт отургузулат
Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 180 даана бак-дарак көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан "Интербилим" борбору билдирди. Көчөттөр борбор шаардын Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине отургузулмакчы. Айта кетсек, бул иш-чара “Жаштардын жакшылык аптасы- 2013” аттуу акциянын алкагында өтүүдө. Максаты - жаратылышка кам көрүү менен бирге жарандарды айлана -чөйрөгө карата камкор, жоопкерчиликтүү болууга үндөө болуп саналат. Уюштуруучулар иш-чарага бардык жарандарды катышууга чакырат. Акция саат 14:00дөн 15:00гө чейин болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















