super.kg logo

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемеси "Акысыз жүк" социалдык долбоору аркылуу аймактардан борборго бекер жүк ташымакчы

 

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемеси "Акысыз жүк" социалдык долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган мекеменин PR-менеджери Назгүл Раимкулова SUPER.KG порталына билдирди.

Долбоордун алкагында Кыргыз жергесинин бардык аймактарында жашаган жарандар борбор калаа - Бишкекке жүктүн бардык түрүн салып жибере алышат.

"Долбоор "Акысыз жүк" деп аталат. Бишкектен өлкөнүн бардык бурчундагы почталарга биздин мекеме почта менен жиберилген жүктөрдү жеткирет. Транспорт кайра борборго бош келбесин деп мына ушундай долбоорду ишке ашырып жатабыз. Өлкөнүн бардык жарандары кайсы гана аймактан болбосун, жүктүн бардык түрүн эч кандай акы төлөбөстөн Бишкекке салып жибере алат. Ал үчүн почта түйүнүнө келип, кызматкерлерден жүктү салып жиберүү жол-жобосун сураса болот. Эң көп дегенде 2 тоннага чейин жүк сала алат. Анан, албетте, тыюу салынган буюмдарды ташууга уруксат эмес", - дейт Назгүл Раимкулова.

Белгилей кетсек, аталган социалдык долбоор 2017-жылдын 1-мартына чейин уланат. Жүк жеткирүүнүн чыгымдарын "Кыргыз почтасы" мекемеси өз моюнуна алат. Аймактардан салып жиберген буюм-тайым, документ, жүктүн баары Бишкек шаарындагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан 1-А номурлуу дарегиндеги Эл аралык почта алмашуу жана логистика борборуна жеткирилет.

Аталган социалдык долбоор ишке ашырылчу аймактар:

  • Ош облусу
  • Өзгөн району
  • Кара-Көл шаары
  • Ноокен району
  • Жалал-Абад облусу
  • Сузак району
  • Базар-Коргон району
  • Майлуу-Суу шаары
  • Таш-Көмүр шаары
  • Токтогул району
  • Талас облусу
  • Манас району
  • Кара-Буура району
  • Бакай-Ата району
  • Чүй-Токмок почта түйүндөрү
  • Кемин району
  • Москва району
  • Жайыл району
  • Сокулук району
  • Нарын облусу
  • Ак-Талаа району
  • Кочкор району
  • Балыкчы шаары
  • Ысык-Көл облусу
  • Жети-Өгүз району
  • Тоң району
  • Каракол шаары
  • Түп району





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге Исфана жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: