super.kg logo

Бишкек шаарындагы 3700 абоненттин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлдү

 

Кечээ, 12-январда борбор калаада өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “акылдуу” аталган эсептегич орнотулган 3700 абоненттин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Ошол эле күнү төлөм терминалдарынан өз маалында жүргүзүлбөгөн эсептерди төлөгөндөн кийин жарым саат ичинде электр камсыздоого 2500 абонент дистанциондук түрдө кошулган. Төлөм терминалдарынан жана банктык кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электрдин” маалымат базасына ошол замат түшөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, “Түндүк электр” ачык акционердик коому Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 115 миңден ашуун электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системине кошулган электр эсептегичтерди орноткон.

Алар автоматтык түрдө көрсөткүчтү учур чак менен “Түндүк электр” серверине жөнөтөт жана кубаттуулуктун чегинен чыкса, электр энергияны автоматтык түрдө өчүрөт. Ошондой эле автоматтык түрдө аласа карыз үчүн өчүрүлөт жана төлөм кабыл алынган соң кошулат. Эсептегич жабдыктын ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттер боюнча автоматтык түрдө маалымдайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: