super.kg logo

КСДП менен "Ата Мекендин" депутаттары окууну 15-сентябрда баштоого каршы

 

Жогорку Кеңештин КДСП жана "Ата Мекен" фракцияларынан депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Наталья Никитенко өлкөдөгү мектептерде окууну 15-сентябрда баштоого каршы.

А.Нурбаев журналисттерге билдиргендей, КСДП фракциясы аталган маселе боюнча жыйын өткөрө элек. "Жеке пикирим боюнча, окуунун башталышын жылдырууга зарылчылык жок. Май айынын экинчи жарымында аба ырайы ысык болот. Мындан улам окуш оор. Мындан тышкары сабактар азайып калат, окуучулар окуу программасын толук ала албай калышат", - деген пикирин айтты Нурбаев.

Н.Никитенко "жашы жете элек балдарды иштетүү мыйзамга каршы келет" деп, аталган демилгеге каршы пикирин түшүндүрдү. "Ар бир бала сапаттуу билим алышы керек. Окуунун башталышын жылдырууга негиз жок. Биз дагы фракцияда бул маселени карай элекпиз, бирок комитетте талкууланганда мен каршылыгымды айткам", - деди "ата мекенчи" депутат.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасында мектептерде окууну 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштоону депутат Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") демилгелеген. Анын айтымында, эгер окуунун башталышы жылдырылса, аймактарда балдар ата-энелерине түшүм чогултуу иштери боюнча жардам бере алышат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги мындай өзгөртүүгө каршы эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.01.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне ата-энесине жардам берсе да болбойбу. Мыйзам ага да жол бербейби.
13.01.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андан коро окуу программасын жакшылап карап корушсо болмок.Илгерки эле программа дагы эле колдонулуп келе жатат.Мумкун кээ бир предметтердин кереги жок болуп калгандыр.
13.01.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанды кантип онуктурсок болот качан мигранттарыбыз темселебей уйлоруно кайтат, качан жумуш орундарын таап беребиз, карызды качан толойбуз , завод фабрика качан курабыз,ондурушту качан которобуз ушуга окшогон проблемаларды ойлонгулачы , мектепке тийбей эле койгула эгинди жыйып келишкен эптеп элибиз жыйа беришет
13.01.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 кундон эмне чечилет? Болбогон нерсе. 1-Сентябрь эле болгону жакшы.
13.01.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 кундон эмне чечилет? Болбогон нерсе. 1-Сентябрь эле болгону жакшы.
13.01.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаардагы балдарга ынгайлук дешеби кайда кайра бузулуп жаман жолго тушушуно жол ачат
13.01.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым.
13.01.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка маселе түгөнүп эми мектеп калыптыр... Коробуз го 15кун менен эмнени озгортушоорун. Андан коро кунун эмес сабактарын бир аз кыскартыщса болмок...
14.01.2017. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 кундо айыл чарба жумуштары бутуп калабы?Бул аба ырайынан коз каранды,менимче.Эгер жаз кеч келип,айдоо иштери кеч башталса,тушум да кеч бышат да.Кээде иш баштаарда жумалап жаан жаап туруп алат,мындайда иш токтоп, жердин кургашын, кундун ачылышын кутушот.Ошондуктан 1-15-сентябрга чейин жумуш буто калат деген болбогон нерсе.Окуу китептерин да кайра чыгарууга туура келет болуш керек, анда 1-сентябрь Билим куну экени тууралуу жазылган тексттер бар, окуу планын-прогр. кайра иштеп чыгыш керек ж.б.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: