super.kg logo

Ысык-Көл. Кыргыз-кытай маданият жана достук фестивалы болду

 
Фестивалдын ачылышы
Фестивалдын ачылышы
Көрүүчүлөргө "Манас" эпосунан үзүндү айтылды
Комузда кол ойноткон улан-кыздар
Кытай гимнастика өнөрү аткарылууда
Кытай гимнастика өнөрү аткарылууда
Кытай гимнастика өнөрү аткарылууда
Фестивалдын жүрүшү
Кытай гимнастика өнөрү аткарылууда
Иш-чаранын катышуучулары көп болду
Фестивалдын жүрүшү
Фестивалдын жүрүшү

25-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кыргыз-кытай маданият жана достук фестивалы болуп өттү. Фестиваль К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети тарабынан демилгеленген. Аталган окуу жайдын маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Борбодоевдин айтымында, бул иш-чара эки элдин ортосундагы эзелтеден келе жаткан мамилелердин маданий биримдигин бекемдөө максатында уюштурулду.

Иш-чара эки элдин улуттук буюмдары жана тамак-аш көргөзмөлөрү менен башталып, концерттик программа менен уланды. Анда кыргыздын улан-кыздары комуз чертишип, көрүүчүлөргө кытай гимнастикасын да тартуулашты. Айта кетсек, фестивалга Кытай өлкөсүнөн 5 өкүл келип катышты. Уюштуруучулар мындай иш-чаралар дагы уланып, кыргыз элинин башка улуттун өкүлдөрү менен болгон карым-катнашын, достугун бекемдөө үчүн аракеттер боло турганын айтышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: