super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: Спорттук гимнастика боюнча 6 жолку Олимпиада чемпиону Виталий Щербо 45 жашка толду

 
Окуучулары менен

Спорттук гимнастика боюнча 6 жолку Олимпиада чемпиону, советтик жана беларустук спортчу Виталий Щербо 45 жашка толду. Ал СССРдин жана Беларустун Эмгек сиңирген спорт чебери, Дүйнөнүн 12 жолку (1993-жылдагы Абсолюттук дүйнө чемпиону) чемпиону, Европанын 10 жолку чемпиону, спорттук гимнастика боюнча Дүйнөлүк кубоктун эки жолку ээси.

Спортчуга атак-даңк алып келген учур 1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн Олимпиада оюндары болгон. Анда 20 жаштагы В.Щербо 6 алтын медаль тагынган. Биринчи медалды ал командалык биринчиликте, КМШнын спорттук гимнастика боюнча курама командасында алган. Кийинки жеңиши - абсолюттук биринчиликке Григорий Мисютин жана Валерий Беленькийди артта калтыруу менен келген. Ал эми 1992-жылдын 2-августу спортчу үчүн гана эмес, гимнастиканын тарыхы үчүн триумфалдык учур болгон, анткени спортчу бир күндө 4 алтын медалды жеңип алган. Бул жетишкендиктери үчүн Эл аралык Олимпиада комитети аны жылдын эң мыкты спортчусу деп таап, Жесси Оуэнс атындагы сыйлыкты ыйгарган.

1996-жылы Атлантадагы Олимпиадада Беларустун атынан чыккан В.Щербо 4 коло медаль жеңип алган. Бир жылдан кийин мотоциклден кулап түшүп, колун сындырып алган 25 жаштагы спортчу карьерасын жыйынтыктоого аргасыз болгон. Учурда В.Щербо АКШнын Лас-Вегас шаарында жашайт. Ал жерде өзүнүн гимнастика мектебин негиздеп, жаш спортчуларды тарбиялап келет.

13-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: