super.kg logo

Бишкек мэрин шайлоодо утулган талапкер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы жатат (мыйзам бузуулардын тизмеси)

 

Бишкектин мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаев ("Өнүгүү-Прогресс") мэрди шайлоонун протоколдорун жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызы менен кайрылды. Анын айтымында, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Алар:

1) Добуш берүү бүткөндөн кийин “макул” деген белгиден башка ар кандай чекиттер жана башка жазуулар түрүндөгү калем сап менен жазылган кошумча “белгилер” байкалган. Депутаттарга жашыруун жана эч кандай көзөмөлсүз добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок жана жогорудагы белгилер ар бир депутаттын эркине көзөмөл кылуу максатында жасалды.

2) Шайлоо күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерге алдын ала атайын номер коюп чыгышкан. Кийин номер коюлган бюллетендер фракциялардын тизмелери менен берилген жана ар бирине жыйынтыгы белгилүү болгон. Добуштарды санап жатканда комиссиянын мүчөсү бюллетендин номерин жана добуш берүү белгисин угуза окуп берген. Добуш берүү аяктаганда айрым бюллетендерде эки талапкер үчүн тең “макул” деген белги болгон. Демек, мындай бюллетендер жокко чыгарылышы керек, бирок комиссия мүчөлөрү бул бюллетендерди жарактуу деп чечим чыгарышкан.

3) Шайлоо процессинде эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнө шарт түзүп бериши керек эле, бирок комиссия атайын бул норманы бузду. Ал жакка орнотулган тосмо жашыруун добуш берүү кабинкасы болуп эсептелинбейт.

4) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мэрликке талапкерлерге шаар кеңешинин сессиясында өз программаларын айтып берүү мүмкүнчүлүгүн беришпей, экинчиден, депутаттарды талапкерлерге суроо берүү укугунан ажыратышты.

5) Мэриянын имаратынын алдындагы митинг талапкер Албек Ибраимовдун тарапташтары менен депутаттарга түздөн-түз басым жасоо максатында уюштурулган. Митингчилер жөн гана турбастан, отурум өтчү жайдын алдында үн күчөткүч жана колонкалардын жардамы менен “Ибраимов!” деп кыйкырып турушту.

Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
13.01.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайрадан мэрди шайлоо отсо жакшы болмок. Мыйзамды бузуу менен булар шайланып келишкен. Бул ыкма азыркы бийликтин эн жакшы оздоштургон ыкмалары. Таза шалоо эчкачан болбойт таза шайлоо качан бийликке таза адамдар келгенде болот.
stimyl.kg түзөттү 2017-01-13 15:01:34
13.01.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бюллетеньде экооно тен макул деген белги болсо,кимисинин пайдасына чечип коюшат? Кандай негизде?
13.01.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул ишти аягына чыгарыш керек. Мэрди шайлоо кайрадан, таза отуш керек. Жана эл учун, шаар учун иштей турган адам келиш керек.
13.01.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ эле Ибраимовдун колун кысып куттуктады эле го, бугун мындай...
13.01.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Asem89,
Колун кысканы "добрый куттуктоо" эмес экен д
13.01.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эшмат келсе деле Акмат келсе деле ошо. Мага баари бир!
13.01.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
женилген курошко тойбойт болуп жатырыго
13.01.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто да ошондой болгон Мелисти эптеп откузбош учун кандай гана аракеттер болду телевидениядан жамандап коркутуп уркутуп откузгон эмес.Бийликтин Адаму болсо жон эле Мер болот.
13.01.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XXX барат. Шайлоо жайлоо болуптурда
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-14 01:28:44
16.01.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik_t, этика нормаларын сактаңыз!
14.01.2017. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы байкай элекмин Ибраевтин результат корсотконун. Шаар учун эмне жумуш кылды?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: