super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Европа чемпиондугунда өзүн мыкты көрсөткөн Димитри Пайет "Вест Хэм" клубуна ойноодон баш тартты

 

Франциялык жарым коргоочу, англиялык "Вест Хэм" клубунун лидерлеринин бири Димитри Пайет аталган клуб менен келишимди бузуу ниетинде. Футболчу жетекчиликтен келишимди бузууну талап кылып, команданын жакынкы беттешинде майданга чыгуудан баш тартты. Ошондой эле машыгууларга келбей койгон. Бул тууралуу англиялык басылмалар кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Пайетке "Челси" клубу келишим сунуштоодо, бирок "Вест Хэм" оюнчунун башка командага сатылуусуна каршы.

Команданын башкы машыктыруучусу Славен Билич журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын майданга чыгуудан баш тартканы үчүн чара көрүлөрүн айткан. "Биз мыкты футболчубуздан айрылгыбыз келбейт. Клуб ири суммадагы каражатка муктаж эмес. Оюнчуну сактап калабыз. Клуб Пайет үчүн көп иш кылды", - дейт Билич.

29 жаштагы футболчунун келишими 2021-жылы аяктайт. Айып соккуларынын атасын тааныткан Пайет -Европа чемпиондугунда Франциянын финалга жетишине себепкер болгон оюнчулардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: