ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: 3 жыл мурун Криштиану Роналду 2-ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган



Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 13-январда Криштиану Роналду 2-ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган. Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча өткөн "Жылдын мыкты футболчусуна” ыйгарылуучу "Алтын топ" байгеси мадриддик "Реалдын" жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдуга тапшырылган. "Мыкты футболчуну" аныктоого ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин капитандары, башкы машыктыруучулары жана журналисттер катышкан. Добуштардын негизинде Криштиану Роналду аргентиналык Лионель Мессини жана франциялык Франк Риберини артка таштаган. Ошондой эле аталган салтанатта легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле бул спортко кошкон эбегейсиз салымы үчүн "Алтын топ" менен сыйланган.
Ошону менен португалиялык футболчу карьерасында 2-ирет ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталып, "Алтын топ" байгесине ээ болгон. Ага чейин бул сыйлыкка 2008-жылы татыган. Жалпысынан К.Роналдунун 4 "Алтын тобу" бар (2008, 2014, 2015, 2016).
13-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.