super.kg logo

Кара-Кулжа. Мал ичкен булактан пайдаланган Кара-Жыгач айылына 500 куб суу бата турган суу сактагыч курулат

 

Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында таза суу боюнча 30 миллион сомдук долбоор даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына аталган айыл аймагынын башчысы Замир Каденов билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырардан мурун айыл тургундары тиешелүү документтерди бүтүрүү үчүн өздүк салым катары каражат кошуусу керек.

"Төрт айылды таза суу менен камсыздап, 800 кожолукка суу жеткирүү максатында долбоор даярдадык. Алдыга койгон пландар ишке ашса, Кара-Жыгач, Алтын-Күрөк, Жетим-Дөбө, Насирдин айылдары таза суу менен камсыз болот. Кара-Жыгач айылынын эли таза суу долбооруна салымын кошпой жатат. Башка айылдардан акча чогултуп, долбоордун документтеринин 1,5 миллион сомдук иши бүттү. 2017-жылы ишке ашып калышына аракет кылып жатабыз. Келечекте Кара-Жыгач айылына 500 куб суу бата турган суу сактагыч курулат", - деп билдирди Каденов.

Маалыматка ылайык, Карагуз айыл аймагында 6 айыл бар. Ал эми Кара-Жыгач айылы райондун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда 60 кожолукта 350дөн ашуун адам жашайт.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү жашоочулар Кара-Жыгач айылында таза суу көйгөйү чечилбей, жашоочулар мал ичкен суудан ичип, ооруп жатканын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болмок эле мал ичкен суудан койда ичсе болотда Атасыбайев айтканго ким экенибизди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: