super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кээ бир улуу муундагы адамдар орун берген адамга "рахмат" деген бир ооз сөздү да аяшат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук унаа" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кээ бир улуу муундагы адамдар орун берген адамга "рахмат" деген бир ооз сөздү да аяшат. Жок дегенде ошол орун берген адамдын колундагы оор баштыгын колуна кармап албайбы".

"Качан көрбө, айдоочулар телефон менен сүйлөшүп барышат: "Эй, каякка жеттиң? Мен баланча жакка жеттим", "тигини жай айда деп айтып койчу", "баланча жерде милиция бар экен"... Бир жагынан акча санап, бир жагынан кирип жаткан кишинин санын эсептеп, бир жагынан телефонго жооп берип, бир жагынан ат чабышка түшкөнсүп үчүнчү сызыктан күтүүсүз бурулуштарды жасап, упай топтоп жаткансып, тосуп турган кардарларды да салганга үлгүрөт".

"Улутчулмунбу билбейм, мен коомдук унаада башка улуттун аялдарына орун бошотпойм. Эгер ал кары же боюнда бар болсо гана туруп берем. Бирок көзүнөн от чачырап, шиш така кийип, тим эле жарышка түшчүдөй болгондорго турбайм деле".

"Бизде рахмат айтпай отуруп алгандар көп эле кездешет. Кыргыздарда улууну сыйлоо "по умолчанию" болгондуктан, улуулар өзүнүн энчисин алып жаткандай болушуп рахмат айтууну милдет көрүшпөйт".

"Коомдук унааларда "алманы, бананды сырты менен же, насыбайды чайнап жут" деген жазуулар мода болуп жаткан го".

"Жаш балдарды отургузуп койгон туура эле, себеби чоңдордун арасында кысылып, түртүлүп зыян тартып калышы мүмкүн. Өнүккөн мамлекеттерде бул кадимки көрүнүш".

"Айдоочуларга рахмат айтам. Алардын нерви аябай күчтүү да, жаңы эле бирөө чыкса, бир аз жылгандан соң бирөөбүз "түшүп калайынчы" дейбиз. Өзгөчө жаңы конуштарга кирген маршруткаларга боорум ооруйт, жолубуз начар. Ошого чыдап иштеп жатышат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
13.01.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Орундуктар улгайган адамдарга тийешелуу, алардын орундугун бошотуп бергенибиз учун бизге рахмат айтышабы? Тескерисинче ээлеп алганыбыз учун жаштар кечирим сурап, анан бошотуп бериш керек!
13.01.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
adilbars, рахмат кызым же уулум деп койсо ичин жылып калат да, дункуйуп эле тургучанды эле тебелеп тепселеп шашылыш келип отургандар бар тим эле догуруп)))
13.01.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
adilbars, Откондо бир ападан кечирим сурап аткан сен белен?
13.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен коомдук унааларга көбүнчө бала менен чыгам, жаштар дайыма орун бошотуп беришет, кээде адам көп болуп калса алды жакта отурган чоң кишилер да туруп орундук бошотуп беришет, аларды тургузганыма аябай уялып кетем. Бирок чоңубу же кичнеси туруп орундук бошотуп беришсе сөзсүз рахматымды айтам. Алар балам менен мени сыйлап турушса кантип былтыйып отуруп алмак элем
13.01.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бирибиз карыйбыз,ошондуктан ар тараптуу ойлоно билели да! Айрым карыялар рахмат айтыш турсун унаа журуп кетип отурганга аран улгурушот го. Копчулугу ичинен ыраазы болот да! Созсуз угушубуз керек эмес да рахматын, бул этикет!
14.01.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен оронгон жаш кыздарды коп кором улуураак бироо келсе унчукпай отура беришет
15.01.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Кыргызстанда улууларга орун бошотуп беришет.Орустарда анча бошотпойт кобунчо жаш балдары барга бошотушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: