Санкт-Петербургда бычакталган Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталды, учурда абалы туруктуу
Санкт-Петербургда бычакталган Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жабыркаган С.Ч. аттуу жаран 1985-жылы Ош облусунда туулган. Учурда ал Санкт-Петербург шаарындагы ооруканада, абалы туруктуу. Ал пикир келишпестиктерден улам таанышы менен уруша кеткенин билдирген. Ошондой эле полицияга бычак менен ден соолугуна зыян келтирген адамга эч кандай доосу жок экенин жазып берген.
Айта кетсек, окуя 12-январга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Энергетиктер көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар Кыргыз жаранын бычактап, бетин тилип кетишкен. Мындан улам ал оор абалда ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
1

же катуу коркуткан го байкушту арыз жазсаң жердин түбүнөн болсо да таап өлтүрөм деп мыкаачылар...
Бычактан жаракат алды деп жазуу керек.
Жаракат алган адам айыгып кетсин!