Москвада ооруканадан өрт чыгып, 38 адам каза тапты

Москванын Дмитровский районундагы психоневрологиялык
жатак үйүнөн өрт чыгып, 38 адам каза болду. Алардын экөөсү медицина кызматкерлери
болушкан. Кырсыктын себеби: электр зымдары чыңалып, натыйжада учкун тутанган. Маалыматка ылайык,
өрт чыккан учурда имаратта 41 адам болгон. Алардын үчөө сыртка качып чыкканга үлгүргөн.
Учурда өрт чыккан жерде "Тез жардам" кызматынын 18 бригадасы
иш алып барууда. Белгилей кетсек, жатак мектептин жалпы аянты 420 чарчы метр. Кырсык 25-апрелден 26-апрелге караган түнү орун алган. Учурда өрт чыккан имаратта түтүн таркай элек, тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын жергиликтүү маалымат булактары жарыялоодо.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
nazira1989

26.04.2013. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын.Тилсиз жоо чааптыр да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.