super.kg logo

Өкмөттөн депутатка жооп: "Ноокатта 131 гектар жер тилкеси Өзбекстандын жарандарына сатылган эмес"

 

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 130 гектар жер тилкеси Өзбекстандын жаранына сатылган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кат түрүндө маалымат берди. Мындан сырткары Ноокат райондук администрация башчысы-аким Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Жармамат Юлчиев да жер тилкеси сатылбагандыгы тууралуу маалыматты тастыктаган документтерди жөнөткөн.

"Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чектешпейт. Аралыгы 100 чакырым алыс жайгашкан. Ал жакта Өзбек жарандыгы бар бир да атуул жашабайт. Учурда улуттар аралык мамилелерге тескери багыттар, өз ара мамилелердин келишпестиги боюнча маселелер боюнча укук когоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында ар кандай маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 130 гектар жер Өзбекстандын жарандарына сатылганы боюнча маалыматтын чын-төгүнүн билүү боюнча өкмөткө кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.01.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт жакшылап текшеруу керек
14.01.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan_2016,менда ушуну айтайын дегем. Чон эле депутат мындай маселени которгонго караганда бир нерсеси бардай.Иликтеш керек экен.
14.01.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
айрыйм ноокатымдын жерин саткандарды
14.01.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал жагын билбейм го бирок чек ара башчысы гн-л Тиленов убагында 2011 жылдары коп жер сатылып кеткенин анык билем
14.01.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенуу кыйын бул провакация болушу мункун.Себеби Ноокат району Озбекстан менен чектешпейт.Карта б-ча карасаныздар болот Ноокат р-нун тундук жагынан Араван р-ну м-н чектешет.
15.01.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып жеп эле журосунорго элди алдап, канчалаган гектар жерлерди сатып салдынар. Жакында колтунардын жунун да сатасынар.
Aldyiar түзөттү 2017-01-15 00:57:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: