super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Санкт-Петербургда Кыргыз жараны иштеген дүкөнгө тоноочулар кол салып, эч нерсе ала албай качып кетишти

 

12-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Стахановцев көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөнүнө тоноочулар кол салышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бул дүкөндө иштеген 23 жаштагы Кыргыз жараны билдирди.

"3 адам дүкөнгө кирип, бычак менен коркутуп, кассаны алып кетүүгө аракет жасашты. Бирок мен катуу бакырганда кассаны ала албай, көзүмө жана башыма катуу уруп кетишти. Полицияга арыз жаздык, издөө иштери жүрүп жатат. Дүкөндүн ичинде камера жок, мындан улам тоноочулардын табылышы бир аз оор болуп жатат. Сырттагы камераларды карап көрсөк, жүзү көрүнбөйт экен жана окуя түн ичинде болгондуктан, кийимдеринин түсү да жакшы билинбей жатат", - деди ал.

"Коркконумдан жумуштан чыгып кеттим. Бул дүкөндө 7 ай иштедим. Ар бир нөөмөткө 1 миң рублдан төлөнөт эле. Дем алыш жок иштегеним үчүн айына 30 миң рублдан чыкчу. Күйөөм менен Санкт-Петербургда турабыз, ал башка жерде иштейт", - деди жабырлануучу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.01.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ЧЕТ жактыгы Кыргыздарды кудайым сактасын ылайым
14.01.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Телефон сеники эми.
14.01.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол телефон алтын башынан айлансын.! Эн негизкиси ХХХ аман эсен калган экен. Кайда болбо аманчылыкта болчу бир боор Кыргызым.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-14 13:55:22
14.01.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
aibars,этика нормаларын сактаңыз!
14.01.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактаптыр,мен дагы ушундай тоноого кабыл болгом Москвада бирок дагы эле иштеп жатам акча эле алып кеткен бир бала казак улутундагы таанып калгам бирок шыр эле депорт болуптур ал.
14.01.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айгып кетсин.ээртерак
15.01.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар эсен болгула тынч болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: