super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Орто-Сай" базарында кайрадан митинг болду

 

Бүгүн, 14-январда Бишкектеги "Орто-Сай" базарында кайрадан митинг өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, жетекчиликтин өкүлү соодагерлерге чыгып, "эгер 7500 сом төлөбөсөңөр, 10 миң сомго көтөрөм" деп кыйкырган. "Колуңардан эч нерсе келбейт" деген сыяктуу сөздөр менен күзөт кызматынын коштоосунда иш бөлмөсүнө кирип кетти", - дейт окурман.

Айта кетсек, 11-январда аталган базардын соодагерлери базардын аймагында нааразычылык акциясын уюштурушкан. Маалым болгондой, базардын жетекчилиги 29-декабрда 20 тонналык контейнердин ижарасы 5200 сомдон 7500 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген. Соодагерлердин көбү нааразы болуп, кымбаттаган баа менен төлөөдөн баш тартышкан. 11-январда базардын жетекчилиги ижарасы төлөнбөгөн контейнерлерди пайдаланууга тыюу салган. Соодагерлердин митингге чыкканына байланыштуу жетекчилик ижара маселесин жума күнгө чейин кайра карап чыгууну убадалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Орто-Сайда" митинг (14.01.17)

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.01.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Начальник кыйкырса аркасы күчтүү бир нерсе деп түшүнүү керек. Бирок закон баарына бирдей иштеш керек. Ошол сатуучулар бар ошолордун эсебинен кутуруп жатканын унутпа начальник.
14.01.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жадност деп койчу беле орустар.Кандай деген суукта уй булосун багып жаткан байкуштарды эмнеге кыйнап жатышат.Азыр бардык жерде соода жок.Эптеп тапкандарын ичкен жеген анан алган насыяларын пайызнан ашпайт.Чондору болсо бары бир курсак ток кайгы жок.Элдин канын сорсо да тойбойт дагы дагы дагы акча акча акча.
14.01.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Антимонополияга каршы курошуу агенттиги козомолдоп соодагерлердин укугун коргобойбу.
14.01.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат которо берсин!сатуучулар товарларын 4 5 эсе кымбат сатышат тээ мурунтан эле.Башка базарга басан ошол эле тавар кийим кече буюм тайындын баары Орто-Сай базарга салыштырмалуу 2 эсе арзан. Элдин чонтогун ойлобосонор силердин чонтогунорду бироо ойломок беле
14.01.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur,тура кылат арендасын которуш керек телефон ондоп саткан жердинда арендасын которуш кепек болбогон телефонду 500 сомго ондойбуз дейт ал телефонду 500 жуз емес 100 сомго зорго сатасын
14.01.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унчукпай койсо бул начальниги 2 Айдан кийин дагы которот
17.01.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийлерди окуп коруп кимисиники туура экенин билбей калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: