super.kg logo

Ошто милициянын кашын жара тепкен ырчы күйөрмандарынан жана Ош ШИИБинин жетекчисинен кечирим сурады

 

Ошто милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова күйөрмандарынан жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошевден кечирим сурады. Ал SUPER.KG порталына берген маегинде буларга токтолду:

Ошол күнү мени эч кандай Патрулдук милициянын кызматкерлери тоскон эмес. Алар унааны кыз айдап бара жатканын көрүшүп, башка кызматкерлерге айтышкан. Анан алар кийинки көчөдөн токтотушту. Документтеримди алып бергиче болбой эле каткырып күлүшүп, шылдыңдашты. Анан тааныштарыма чалганга туура келди”.

Ошондой эле ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошевдин атын эмнеге атаганын түшүндүрүп берди: “Жолдошев менен эч кандай мамилем жок. Болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын айтсам, аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм”.

Алтынай Жайнакованын айтымында, буга чейин журналистика тармагында бир аз иштеген. Учурда чыгармачылык менен алектенет.

Учурда мыйзамды жакшы билген адамга кайрылайын деп жатам. Рулду бербей жатканда күчкө салып жүктөп кете беришсе болобу? Мени унаанын артына отургузушканда бүт кийимдерим ачылып калган. Ошол учурда алдыда отурган милиция кызматкери караган. Анан ага “караба” деп бутумду силккем”, - дейт ырчы.

Буга чейин интернетке убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин концертке бара жатканы тууралуу видео тараган. Ал тууралуу буларга токтолду: “Ал курбуларымдын арасында тартылган видео болчу. Болгону алар менин көңүлүмдү көтөрүү максатында тартышкан. Кандайча тарап кеткенин билбейм. Эч кандай концертке барган жокмун. Учурда үйдө отурам”.

Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми бүгүн Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.






Ошто "ырчы" кыз милициянын кашын жара тепти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Комментарийлер(93)
14.01.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер инфо бул кызды аябай эле реклама кылдыныздар го я?! Орусча эки создун башын бириктире албаган журналист аман эле бол!
14.01.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адвокаттар менен кенеше койгон го....
14.01.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыз озун реклама кылып алдыго анча
14.01.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кайсы куйуп бышкан куйооормандарына айтты??? Ушул убака чейин эч Ким тааныбайт элего?....
14.01.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эчким тааныбасын билип туруп кантип эл тааныган ырчымын деп айтты экен.уят.
14.01.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле милиция алдынкы орунда отурса арткы орунда отурган ырчы кашын кантип жара тепкен дейм да.Азыркы милициялар оздорунун милдетин да укугун да кызматын билишбейт.жалан акча окуган алар эмес ошон учун жарандарды коргобой эле кордойт.
14.01.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Abubakir05, Жазылып туратко: "Мени артка отуругузуп, озу рулга отуруп, мени караганда "караба" деп бутуму шилтесем тийип кетти" - деп...

"Кыргыз тили, адабият" - сабагынан берген эжейинди уят кылбай, жакшылап конул коюп окуп чыкчы бир тууганым))...

Ты. Бы. Бутундагы туфлисинин, шиш такасы менен тепкен окшойт, байкуш мелийсанын кашын тешип эле койгонуна караганда))..
Бектурган түзөттү 2017-01-14 20:09:55
14.01.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Abubakir05,[moderated]дан корсонор кыз озу мас болуп рулду бербей койгондо милиция кызматкери арткы орундука которуп салышкан экен ошондо тепкен.Уят кыргыз кызынын ушинтип мас болуп жургону.
14.01.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaky85,бизде интернет слабый видео ачбай жатат да коро албай датам.
14.01.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйормандары жок айтып койгулачы билген тааныган адамдар. Мындай ырчыны мен да башкасы да тааныбайт. Мас болуп рулга отурганына кечирим сурасын, калганы бизге кызыгы жок. Бироону сузуп салса деле ушул картина болмок.
14.01.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мисалы Мен бул кызды вообще тааныбайм
14.01.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
" Айдай чырайынды иттей кыялын бузат " болуп сени тааныбаган куйормандарына уят эле болдун карындаш! !!эл тааныган ырчы болсо мен деле таанышым керек эле эл катарында.
14.01.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kyz.kuchtugo
14.01.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Xaaaxxxxxaaaaa
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: