ЖЫЛНААМА, 15-ЯНВАРЬ: 86 жыл мурун "Сынган кылыч", "Кел-кел" романдарынын автору, жазуучу Төлөгөн Касымбеков төрөлгөн

Т.Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн. Андан соң "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жылдары "Ала-Too" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторлук кызматтарды аркалаган.
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант болуп иштеген.
Т.Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген. Жазуучунун "Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде жарык көргөн. Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы жазуучунун "Кел-кел" романы жарык көргөн.
Т.Касымбеков 1959-жылдан тарта СССР Жазуучулар биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам алган. 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп да иш алып барган.
1990-жылдары Төлөгөн Касымбеков Кыргызстан Эркин жазуучулар союзунун башчысы болуп, 2001-жылы 1-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, "Кыргыз Эл Баатыры" наамына арзыган.
2005-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган. Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон.
15-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Seiil.94

15.01.2017. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Касымбеков Тологон сынган кылыч жазыптыр.бутун кылыч жазганда жаттай албай олмокбуз.ха ха
Samina007

15.01.2017. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайын бейиштен берсин Жаратканым.сынган кылыч,кел-кел романы бул тарыхый шедевр
baltabai

15.01.2017. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
0000%
semo

15.01.2017. 19:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул агабыз тирүү болсо керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.