super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 15-ЯНВАРЬ: 88 жыл мурун афроамерикалык укук коргоочу Мартин Лютер Кинг туулган

 

1929-жылы 15-январда кара түстүү америкалыктардын жарандык укуктары боюнча күрөштүн жетекчиси Мартин Лютер Кинг АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында туулган. 13 жашында Атланта университетинин лицейине окууга кирген. 15 жашында Жоржия штатындагы афроамерикалык уюмдун ораторлор сынагында жеңүүчү болуп табылган. Кинг биринчи жолу кара расадан чыккан активдүү коомдук ишмер болуу менен АКШдагы кара расадагы адамдардын жарандык укуктарын коргогон жана расизм, дискриминацияга каршы күрөшкөн патриот инсан болгон. Ошондой эле АКШнын Вьетнам мамлекетине жасаган колониалдуу агрессиялык саясатына да каршы пикир билдирген. 1960-жылы Индиянын премьер-министри Жавахарлал Нерунун чакыруусу менен Индия мамлекетинде болуп, Махатма Гандинин ишмердүүлүгү менен кенен таанышкан.

Америка мамлекетинде демократиялаштыруу процессине кошкон маанилүү салымы үчүн Мартин Лютер Кингге 1964-жылы 35 жашында дүйнөнүн "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган.
Адам укуктары үчүн өмүрүн сайган күрөшчү, окумуштуу, публицист, орошон оратор, укук коргоочу Мартин Лютер Кинг 1968-жылы 4-апрелде АКШнын Теннеси штатындагы Мемфис шаарында балкондо турган жеринде расист снайпер Жеймс Эрл Рейдин огунан 39 жашында мерт болгон.
Мартин Лютер Кинг каза болгондон кийин кара түстүү расадагы адамдардын укугун коргоочунун туулган күнүн майрам катары белгилөө жөнүндө Конгресске АКШ жарандары тынымсыз сунуштап келишкен. Бирок Конгрессте колдоочу добуштардын саны жетпей келген. 1983-жылы мамлекеттик деңгээлде майрамдоо боюнча мыйзам долбоору кайрадан Конгресске сунушталып, акырында колдоого ээ болгон. Ал мыйзам Америка президенти Рональд Рейган тарабынан бекитилген.
Майрам биринчи жолу 1986-жылы 20-январда белгиленген. Ал эми бүткүл Америка калкынын улуттук деңгээлдеги майрамы катары 2000-жылдын 20-январынан бери майрамдалып келген. Бул майрам күнү бардык мекеме, ишканалар жабылып, эскерүүлөрдү өткөрүшкөн.
Вашингтондо Мартин Кингдин эстелиги 1986-жылы 16-январда орнотулган.
15-январдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: