Орусиянын Саратов облусунда орун алган кырсыктан каза болгон Кыргыз жарандарынын аты-жөндөрү такталды (тизме)

15-январда Орусиянын Саратов облусунда орун алган жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын аты-жөндөрү такталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Төмөнкү Новгород-Саратов унаа жолунда Вольво менен Тойота Версо үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, жалпысынан 7 адам набыт болгон. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын, экөө Өзбекстандын жарандары жана бирөө Тажикстандын жараны. Ал эми Вольвонун айдоочусу аман калды.
Кырсык боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "жол эрежесин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.
Каза болгон Кыргыз жарандары:
- Анашев Алмазбек Шакирович, 01.10.1974-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Маяк айылы;
- Боронов Дөөлөтбек Абдуманапович, 15.11.1985-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Комсомол айылы;
- Жазгүл Касымова, 28.12.1983-жылы туулган, Кыргыз жергесинде жашаган жери белгисиз. Орусияда Москва шаарынын Вторая Рощинская көчөсү-4 дарегинде катталган;
- Молдошев Айдарбек Бекболотович, 30.04.1970-жылы туулган (Тойота Версонун айдоочусу), Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Жаңы-Акман айылы.
Учурда каза болгондордун сөөктөрү Петров райондук ооруканасынын өлүкканасында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-2

Жайы жаннаттан болсун