Гонконг-Стамбул каттамындагы кулаган учакта 4 адам болгон. Кырсык болгон жерге вице-премьер-министр жана министрлер барышты

Бүгүн, 16-январда эртең менен саат 7:30дарда Гонконг-Стамбул каттамынын кулаган учагында 4 адам болгон. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
"Гонконг-Стамбул регулярдык каттамындагы жүк ташуучу учак кулады. Экипажда 4 адам болгон. Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев барды. Учурда "Тез жардам" жана Өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат. Кырсыктын себептери такталууда", - деди басма сөз кызматынын адиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.