super.kg logo

"Мектепте жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан" деп шектелип 3 окуучу кармалды

 

25-апрелде Ысык-Ата РИИБине аталган райондогу “Надежда” аттуу христиан мектебинде жарылуучу зат коюлган” деген маалымат түшкөн. Мындай маалыматты мектептин күзөт кызматкери билдирген. Окуянын чын-жалганын иликтөө үчүн УКМКнын кызматкерлери аталган мектепке барып тинтүү жүргүзүштү, бирок эч кандай жарылуучу зат табылган жок. Күзөт кызматкери болсо, ага бейтааныш 2 адам телефон чалып, мектептин дааратканасында жарылуучу зат коюлганын билдиргенин айтты. Окуя боюнча иликтөө иштери башталып, жалган маалыматты берген деп шектелип аталган мектептин Р.Б., А.З. жана Д.К. аттуу окуучулары кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: