super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: Бүгүн Муз аянтчасын жасоочулардын эл аралык күнү

 

Бүгүн Муз аянтчасын жасоочулардын эл аралык күнү. Бул дата тарыхый окуяга байланыштуу кесиптик майрам катары тандалып алынган. Тагыраак айтканда, 1901-жылы 16-январда ресурфейсерди (муз аянтчаларын муз менен каптоочу жана калыбына келтирүүчү комбайн) ойлоп тапкан америкалык Фрэнк Замбони төрөлгөн.

Бул күнү конференциялар уюштурулуп, анын катышуучулары аталган кесиптин ысык-суугу, бул өнөрдөгү жаңы технологиялар жөнүндө айтып беришет. Көпчүлүк учурда муз жасоочунун жумушун мурдагы муз үстүндөгү бийчилер өздөштүрүп алышып, кесиптештерине (бийчилерге) ыңгайлуу болгондой кылып жасашат. Профессионалдык муз аянттары таңкы саат 7ге даяр болуусу керек, себеби бул учурда спортчулар үчүн машыгуулар башталат. Ал эми чоң масштабдагы жарыштар, оюндар өткөрүлгөндө муз чеберлери таң аткандан күн батканга чейин иштешет.

Аянтты муз менен каптоо 7 күнгө чейин уланат. Алгач анын бетондук бөлүгүндөгү температура төмөндөтүлүп, керектүү калыңдыкта муз пайда болгондо аны бир канча катмар кылып боёшот. Андан соң атайын комбайн келип музду пресстеп, андан тузду жана абаны чыгарат. Ошентип, идеалдуу муз аянтчасы пайда болот.

16-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: