Кыйраган Боинг учагы Бишкекке май куюу үчүн конмокчу болгон

Үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг учагы Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. "Манас" аэропортунан билдиришкендей, жүк ташуучу учак Гонконг-Стамбул каттамы боюнча абага көтөрүлгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Бирок конордо кырсыкка кабылып, Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 32ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
2

Билишет, май куйушкан батышынча ошолда жетбеген кийин бизге конуп куймакчы болгон
Ошол майы жетбеген эгер кыргызстандын учагы башка мамилекетке учуп баратып жолдо жакынкы учак конуучу жайга токтоп май куйуп алса болот